11:54, 06 сентября 2017, Бишкек - 24.kg , Наргиза ТОКОЕВА
Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаров төрт жылга шартуу кесилди. Ага ушундай эле жаза мөөнөтүн алган Анарбек Бейшебеков, Улан Юсупов, Айдынбек Шамшидин уулу, Байгазы Казиев, Жаныбай Жеңишбеков жана Адылбек Исаев менен бирге бир жыл сыноо мөөнөтү коюлду.
25-мартта митингде кармалгандардын дагы үчөө Калыбек Жапаров, Абдыманап Бегишев жана Эркланбек Тагаев төрт жылга, бирок күчөтүлгөн тартиптеги түрмөгө камалат.
Ал эми Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаров, митингде эмес, ИИБда кармалгандыктан ал бошотулду.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-мартында УКМКнын алдындагы митингде Садыр Жапаровдун 12 тарапташы кармалган. Аларга башаламанлык, мамлекеттик мүлккө зыян келтирүү айыбы тагылган.