Канатбек Исаев президенттик шайлоодо ат салыштан четтетилди
11:29, 05 сентября 2017, Бишкек - 24.kg , Юлия КОСТЕНКО
Канатбек Исаев президенттик шайлоодо ат салыштан четтетилди. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Боршайкомдон билдиришти.
Анын топтогон колдорунун 10 миң 400ү жараксыз деп табылган. Калган 27 миң кол талапкер болуп катталууга аздык кылат. Талап боюнча кеминде 30 миң кол топтоо зарыл.
Канатбек Исаевди президенттик ат салышка «Кыргызстан» партиясы көрсөткөн.
Учурда ага каршы «Жемкорлук» беренеси менен козголгон иш Биринчи май райондук сотунда каралууда.