10:27, 05 сентября 2017, Бишкек - 24.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы (УКМК) Азимбек Бекназаровго Өмүрбек Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө бергендиги үчүн кылмыш ишин козгоду.
УКМКнын маалыматында, Башкы прокуратура Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиев сүйлөшүүсү жазылган аудиотасманын аныктыгын текшерүү сунушун жөнөткөн. Андан сырткары, Сomment. kg порталынын редактору Раушан Айткулова дагы арыз менен кайрылган.
Бирок, бул аудио тасмадан кийин журналист Раушан Рыкунова Азимбек Бекназаровдун Сomment. kg порталына берген маектен кийинки сөзүн жарыяланган. Ал видеотасмада дагы Бекназаров сотто жалган көрсөтмө бергендигин жана 2010-жылы «Ата-Мекен» партиясынын жетекчилери «Альфа телеком» компаниясын көзөмөлдөөгө аракет кылгандыгын айткан.
УКМКнын билдирүүсүндө, аудио жана видеотасма Алма-Ата шаарына фоноскопиялык текшерүүгө жөнөтүлүп, адистер эки үн тең Азимбек Бекназаровго таандык экендигин жана монтаждалбагандыгын аныкташкан
Кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.