Кыргызстандыктар жумушсуздарга берилген жөлөк пулду алууга кызыкпайт

09:12, 05 сентября 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

Кыргызстандыктар жумушсуздарга берилген жөлөк пулду алууга кызыкпайт. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Жумушсуздарга айына 250 сом жөлөк пул берилет. Бирок, аны алуу үчүн бир топ кагаздарды топтоо керек.

Өлкөдө 192,2 миң адам жумушсуз. Анын 90 миңи эмгек кызматтарында каттоо.