Эркиндик сейил багы демөөрчүлөрдүн эсебинен оңдолот

15:08, 04 сентября 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

Бишкек шаардык мэриясы Эркиндик сейил багын демөөрчүлөрдүн эсебинен оңдойт. Бул тууралуу «24.kg» агентигине вице-мэр Бакыт Дүйшөмбиев билдирди.

Анын маалыматында, бактагы жолдор жаңыланып, арыктар тазаланып, айлана жашылдандырылат. Андан тышкары балдар аянтчасы дагы оңдолот. 

«Сейил бактын ошол бөлүгүнө жакын жайгашкан компания каражат бөлүп жатат» - деди вице-мэр.