Саратовдо жол кырсыгында 8 кыргызстандык жабыркады

11:41, 04 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Россиянын Саратов шаарындагы жол кырсыгында 8 кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу россиялык ЖМК маалымдайт.

Кырсык бүгүн таңкы саат алтыда болгон. Анда Toyota үлгүсүндөгү унаалар кагышып кеткен. Жабыркагандардын экөө оор абалда.