2030-жылы Кыргызстанда жаштарга салыштырмалуу карылардын саны көбөйөт

11:12, 04 сентября 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

2030-жылы Кыргызстанда жаштарга салыштырмалуу карылардын саны көбөйөт. Бул тууралуу бүгүн «Кыргызстандын кары-картаңдары» аталышындагы изилдөөнүн жыйынтыгында айтылды.

Учурда калктын төрттөн бир бөлүгү 50  жаштан ашкандар. Карылардын 10 пайызы жалгыз жашайт. Алардын 13 пайызы шаарда, 11 пайызы айылда үйдү ижарага алып жашайт. 30 пайыз карылар никеде турушат.