09:29, 30 августа 2017, Бишкек - 24.kg
29-августта Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев телекөпүрө аркылуу Өскемен шаарындагы төмөн байытылган уран сакталчу кампаны ачты. Мамлекет башчы анын символикалык ачкычын Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) өкүлдөрүнө тапшырды.
Банктын ачылышында сөз сүйлөгөн Назарбаев Казакстан өзөктүк куралды жайылтпоонун жана дүйнө коопсуздугунун тарапташы бойдон каларын билдирди.
Маалыматтарга караганда, кампада төмөн байытылган урандын белгилүү бир запасы сакталат.
Буга чейин өлкөнүн энергетика министри Канат Бозумбаев банк дайыма жеткирүүчү булак же «дүкөн» болбой турганын жана андагы уран дүйнөлүк деңгээлдеги кризистик абалдарда гана талап кылына турган запас катары сакталарын айткан.
Банк Өскемен шаарындагы Улба металлургиялык заводунда жайгашат. Анын курулушу 2015-жылы августта Казакстан өкмөтү менен МАГАТЭнин ортосунда кол коюлган макулдашуунун алкагында башталган.