09:01, 30 августа 2017, Бишкек - 24.kg
Сүлүктүдө шахта басып калган кенчилердин биринин абалы оор. Бул тууралуу Сүлүктү шаардык ооруканасынан билдиришкенин Сentralasian маалымдайт.
Маалыматка караганда, шаардагы «Марипов» жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык көмүр шахтасында 28-августтун кечинде кен урап төрт шахтерду басып калган.
Алардын үчөө бейтапканага жеткирилген, биринин абалы оор, реанимацияда жатат. Калганынын абалы дурус.
24-августта эле Сүлүктүдөгү дагы бир кенде 11-жашар бала каза болгон.