Акыйкатчы ар бир мектепте акыйкатчы институтун түзүүнү сунуштайт

11:39, 29 августа 2017, Бишкек - 24.kg

Акыйкатчы ар бир мектепте акыйкатчы институтун түзүүнү сунуштайт. 

Мекеме окуучуну мектепке кабыл алууда ата-энелерден акча алууга тыюу салынгандыгын эскертет. 

«Ата-энелерден дагы эле акча талап кылып жатышат. Мисалы, №17 мектептин директору бир апанын уулу кызы ошол мектепте окуп жаткандыгына карабай, кичүү кызын кабыл алууга каршы болуп жатат», — дейт акыйкатчы.

Андыктан укук коргоочу ар бир мектепте акыйкатчы институтун түзүп, паракорлукка жана укук бузууга каршы күрөшүүнү сунуштайт.