Бир айда ичинде эл аралык резервдер 32,65 миллион долларга көбөйдү

09:46, 29 августа 2017, Бишкек - 24.kg , Татьяна КУДРЯВЦЕВА

Июлдун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын эл аралык резервдери 32,65 миллион долларга көбөйүп, 2 миллиард 61,7 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдайт.

Белгилей кетсек, бул 2016-жылдын октябрь айынан бери эң жогорку көрсөткүч. 

Эл аралык резервди Улуттук банк валютанын наркын кармоо үчүн чыгымдайт. Август айында финансалык рынокто туруктуулук байкалып, башкы банк интервенция жасаган жок.