Сокулуктун тургундары Боршайкомдон Өмүрбек Бабановго эскертүү берүүнү суранышты

17:19, 28 августа 2017, Бишкек - 24.kg

Сокулуктун тургундары Боршайкомдон Өмүрбек Бабановго эскертүү берүүнү суранышты. Бул тууралуу БШК маалымдайт.

Анын маалыматында, Сокулук районунун Манас айылынын тургундары БШКга кайрылышкан. Алардын айтымында, унаа жуучу жайда Өмурбек Бабановдун аты-жөнү жазылган плакат илинип турат. Бирок, ал жерде анын штабы да, коомдук кабылдамасы да жок. 

Эскерте кетсек, буга чейин дагы президентикке талапкердин атына бир нече даттануу түшкөн.