Президенттикке негизги талапкерлер: Кимдер алаp?
«24.kg» маалымат агентиги реалдуу талапкерлер тууралуу маалымат топтоду.
Президенттик шайлоонун эң кызуу мезгили башталды. Ат салышкандардын алдынкылары расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына талапкер болуп катталса, калгандары кол топтоп, шайлоо фондун ачуу үчүн акча издөөдө. Жарыш башталбай жатып, тизгинин тартып, артка кайткандар дагы бар.

Башынан эле ат айрымдардын жолдон кайтары белгилүү болчу. Анткени, БШКга арыз жолдогондордун арасында коңшусу гана тааныбаса, көпчүлүк үчүн белгисиз болгон жарандар дагы бар.
Президенттикти эңсеген премьерлер
Шайлоого катышып жаткандардын үчөө мурда өкмөттү жетектеген. Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов жана Сооронбай Жээнбеков талапкер болуп катталды.

КСДПнын талапкери тагдырын сынап, тобокелдикке салып, таскагы катуу. Атаандаштарынын административдик ресурсту колдонуп жаткандыгы тууралуу даттанууларына карабай, премьер-министрликтен кеткиси келбей жатып, араң ордун бошотту.

Мыйзам боюнча Сооронбай Жээнбеков кызматынан убактылуу гана четтей алат.

Расмий үгүт иштери башталганча (10-сентябрга чейин)ал кызматында кала берсе болот. Андан кийин ыйгарым укуктарын убактылуу токтото алат. Премьер-министр негизинен эч нерсе жоготпойт. Шайлоону утса президент болот, утулса өкмөттү жетектөөгө кайтып келе алат
Кайрат Осмоналиев
БШКнын мүчөсү
Талапкер №1
Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясына биринчилерден болуп Темир Сариев керектүү документтердин баарын тапшырды. Эми маарага дагы биринчилерден болуп келеби?
Өлкө саясатында ал белгилүү адам: парламент депутаты, министр жана өкмөттү жетектеген.

Темир Сариев – Чүй облусунун Сокулук районунда туулган. Эмгек таржымалын 1983-жылы Аламидин аңтери фабрикасында баштаган. 1989-1991-жылы партиялык жумушка өткөн.

2000-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2007-жылы «Акшумкар» партиясынын теңтөрагасы болот. Бир жылдан кийин саясый уюмду жетектеп, андан бери анын алмаштыргыс лидери болуп келүүдө.

Саясый жолу. Ишеним көрсөтпөө вотуму
2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Темир Сариев убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары жана каржы министри болуп дайындалат.

Анткен менен анын партиясы Жогорку Кеңешке шайлоодо 3 пайыздык бөгөттү өтө алган жок.«Акшумкар» саясаттан тышта калса дагы Сариев четтеген жок.

Ал экономика министри болуп дайындалды. Бул кызматта ал Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу үчүн жол картасын даярдоого жооптуу болуп, өлкөнү уюмга түрткөн мамлекеттик аткаминерлердин сап башында турат.

2015-жылдын 2-майында Темир Сариев премьер-министр болуп дайындалды. Бирок, ал бул кызматта бир жыл да олтура алган жок. Ысык-Көлдөгү жолду оңдоо үчүн жарыяланган тендерден чыккан чырдан кийин ордун жоготтту. Депутаттык комиссия министрлер кабинетине ишеним көрсөтпөө вотумун сунуштады.
Талапкер №2
Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов экинчи болуп БШКда катталды. Айтмакчы ал шайлоого өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары катышууда.
Талас облусунун Чымгент айылында төрөлгөн. Өмүрбек Бабанов – ийгиликтүү ишкер. Үч жогору билими бар. Россияда эки университетти аяктаган.
Саясатка келгенге чейин бизнес менен алектенген. Мамлекеттин үлүшү бар пахтаны экспорттогон жана өлкөгө мунай зат ташыган ири компанияларды жетектеген.



Өмүрбек Бабанов мурдакы президент Курманбек Бакиев менен
2007-жылы президент Курманбек Бакиевдин отставкасын талап кылган оппозициядык топко кирген. Революциядан кийин Алмазбек Атамбаевдин өкмөтүндө биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган.
2010-жылдын июнь айында «Республика» партиясын түзүп, шайлоочулардын 13 пайыз добушун алып, Жогорку Кеңешке өтөт.

2011-жылдын декабрь айынан 2012-жылдын сентябрына чейин премьер-министр болот. Алмазбек Атамбаев шайлоого катышкан кезде өкмөт башчысынын милдетин аткарат.
Андыктан, Алмазбек Атамбаев Чолпон-Атадагы акыркы маалымат жыйынында «КСДПдан талапкер болбогондо Өмүрбек Бабановду колдомокмун» - дегени түшүнүктүү.
«Саясый» аргымак
Өмүрбек Бабановдун аргымактарга кызыгуусу анын саясый карьерасына чекит коюп кое жаздады. Түрк ишкеринен белек катары алган 1 миллион долларлык аргымагы ачыкка чыгып, ал пара катары бааланды.
Түрк ишкерине тиешелүү «Серка» ишканасы «Манас» аба майданындагы курулушту куруу үчүн премьер-министрге аргымак тартуулагандыгы айтылды.
Анүстүнө «белек» Кыргызстанга келгенде эч кандай пошлина төлөнгөн эмес. Мына ушул жагдай Өмүрбек Бабановдун түрк ишканасынын кызыкчылыгын коргоп жаткандыгы тууралуу шек туудурган. Негизинен эле өкмөт башчысы, мамлекеттик кызматкерге кымбат балуу белек алуу туура келбейт.

Чуулгандуу бул окуядан кийин Өмүрбек Бабанов отставкага кетти.
Божомол, убадалар...
Өмүрбек Бабанов 2012-жылы Кыргызстан 2017-жылы айыл-чарба жаатында аймактагы лидерге айланарын айткан. Ал өлкө өзүн гана эмес, коңшуларды дагы багып баштарын билдирген.

Анын бул сөзү ишке ашкандай болду: Кыргызстан ЕАЭБтин рыногуна айыл-чарба товарларын жеткире алат. Бирок, ал үчүн алгач уюмдун талаптарын аткаруу керек. Анүстүнө биздин айыл-чарба тармагынын чектелүү мүмкүнчүлүгү коңшуларды эмес, өзүн багууга жетеби?
Премьер-министр – талапкер
Шайлоого КСДПнын атынан ат салышууда.
Сооронбай Жээнбеков – Ош облусунда төрөлгөн. Кесиби боюнча зооинженер. Саясый карьерасын Жогорку Кеңештен баштаган. Арада жарым жыл айыл-чарба министрлигин жетектеп, кийин бизнеске кеткен.

2010-жылы Ош облусун жетектейт. Беш жыл облусту жетектегенден кийин Сооронбай Жээнбековдун ташы өйдө кулап, алгач Мамлекеттик кадр кызматына жетекчи, андан кийин президенттин аппаратынын биринчи орун басары, премьер-министр болот.
Ага инилер биримдиги
Жээнбековдордун ичинен акыркы жылдары Асылбек Шариповичтин аты көп айтылып, зоболосу көтөрүлүп бараткан. Заматта эле Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке сунушталып, иниси отставкага арыз жазды.
Чык эшикке!

Сооронбай Жээнбековду кабагына кар жаап, көңүлү ачылбаган премьерлерден деп айтышат. Журналисттер өкмөт башчысынын жылмаюусуна «аңчылык» жарыялаганы да бар.

Өкмөт башчылык ордунда анын кайсы бир демилгелери, билдирүүлөрү эмес «чык эшикке!» - деген сөзү эң популярдуу болуп, дагы эле эл оозунан түшпөй, Жээнбековдун өзүнө лакап болуп жармашты. Бул сөздү ал жыйында отчету жакпай калган агентиктин жетекчисине айткан.
Сооронбай Жээнбеков Архитектура жана курулуш мамлекеттик агентигинин директорунун орун басарын кагып силкти
Жаш болсо да, баш
Президенттикке ат салышкандардын алдынкыларынын арасында эң жашы –Канат Исаев. Ал өзү жетектеген «Кыргызстан» саясый партиясынын атынан көрсөтүлдү.

Чүй облусунун тургуну, 2008-жылы Токмок шаарынын мэри, 2010-жылы парламенттин депутаты.
Китепкана кайда?

Жаш саясатчы саясатка келбей жатып, артынан иленчек ээрчитип келген эле, анысы дароо эле өзүнө капас болду. 2010-жылы Токмок шаардык кеңеши китепкананын имаратын жер тилкеси менен бирге жеке колго берген. Ага Канатбек Исаев да макул болгон.

Бул иш азыр сотто каралып жатат.

Токмок шаарындагы китепкана соттук териштирүүгө себеп болду
Баягы эле жолдор...
Шайлоо көпчүлүктүн, жада калса тажрыйбалуу саясатчылардын дагы шаштысын кетирет. Элдин оозуна алынып, көзгө көрүнүү үчүн эмне деген гана билдирүүлөр айтылбайт. Канатбек Исаев дагы четте турбай, кайрылууга тема таап, Темир Сариев премьерлик ордунан айрылган Балыкчы-Корумду жолунун курулушу тууралуу айтып берди. Канат Исаев анда депутаттык комиссияны жетектеген.
Мен расмий түрдө билдирем, эч ким эч качан бирөө 6 миллион доллар пара алгандыгын айткан эмес. Депутаттык комиссияда эч ким бул теманы көтөргөн эмес жана Темир Сариевге карата мындай айыптоолор дагы айтылган эмес
Канатбек Исаев
КР президентигине талапкер
Сөзгө татыган талапкер
Бакыт Төрөбаев – президент Алмазбек Атамбаев акыркы учурда оозго алган экинчи саясатчы.
Парламентте маңыздуу оппозиция түзүлүп жатат. Бабанов менен Төрөбаев алгылыктуу иштеп жатышат. Мен бул экөө тең президенттикке ат салышат деп ойлойм. Эми божомолдобой эле турайын. Бирок, алардын бири президент болуп калса таң калбайм
Алмазбек Атамбаев
КР президенти
Саясатчы Жалал-Абад облусунда төрөлгөн. Атасы Эргеш Төрөбаев бир нече жолу парламенттин депутаты болгон. Ал кезде Бакыт Төрөбаев ишкерлик менен алектенген.

2010-жылы ал «Республика» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Үч жылдан кийин анын курамынан чыгып, «Өнүгүү—Прогресс» депутаттык тобун түзүп, кийин аны толук кандуу саясый уюмга айлантты.
Төрөбаевдин шам чырактары
«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын 2015-жылкы шайлоо компаниясы миллиондогон чыгымдар менен эсте калды. Бирок, бул шайлоодо Төрөбаев капчыгын анчалык чача элек. Талапкердин шайлоо фондуна 2,8 миллион сом түштү.

Бишкектиктер Төрөбаевди эмес, анын короолорго шам чырактарды орнотуп, ордо кааланы «Жарык шаарга» айлантуу убадасын дагы эле унутушпайт. Анткени, шаар дагы эле түнү түңөрүп турат.
Чуулгандуу күндөр
Айрым талапкерлерге өлкөдөгү башкы орунга ат салышууга таржымалындагы кара тактар, артынан ээрчип жүргөн иленчектер жолтоо болууда.
Жарышка чыкпай жатып, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев жемкорлук айыбы менен 8 жылга эркинен ажыратылды. Сот мунапысты колдонуп, жаза өтөө мөөнөтүн 4,5 жылга кыскартты. Бирок, «Ата-Мекендин» лидеринин азыркы абалын ал да жакшырта албайт.
Ал эми Арстанбек Абдылдаевге анын «Кыш болбойт» жана «Путин – татаал биоробот» лакаптары да жардам бербейт шекилди. Ага карабай, анын ишеними күчтүүбү, кыска мөөнөттө шайлоо фондунан 1 миллион сом сарптады. Сооронбай Жээнбеков дагы ушунча эле акча короткон. Бирок, экөөнүн мүмкунчүлүктөрү асман менен жердей эмеспи.
Митинг сүйүүчүлөрү
Садыр Жапаровго 2013-жылы бийликти күч менен басып алуу аракети үчүн соттолгондугу бар экендигин эсине салышты. Ага дагы бир өкүм кошулуп, 2017-жылы Биринчи май райондук соту 11 жылга камады.
Мурдакы Акыйкатчы Турсунбек Акунсуз саясый окуялар кызыксыз. 25 жылдан бери ал бир карасаң ачкачылык жарыялап, анан эле барымтага алынып, митинг уюштургандыгы үчүн коомдук жумушка тартылып, кыскасы саясатка өзүнчө бир боек берип турат.

Анткен менен мындай майда тентектик, президенттик шайлоого дем берип, мараага карай жол ача албайт.



Made on
Tilda