Алмазбек Атамбаев бүгүн Ош облусунда болот

10:00, 28 августа 2017, Бишкек - 24.kg

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Ош облусуна иш сапарга жөнөп кетти. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлайт.

Президент Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунун жаратылыш кырсыгынан жапа чеккен тургундары менен жолугушат.

Андан сырткары, Чоң-Алай районунда оорукананын ачылышына катышат.