Жаңы өкмөт саясатка аралашпайт

17:10, 25 августа 2017, Бишкек - 24.kg

Сапар Исаков өкмөт саясатка аралашпай, көйгөйлөрдү чечүү үстүндө иш алып барарын айтты. 

Ал депутаттарга алдыдагы шайлоо таза өтөөрүн убадалады. 

Эскерте кетсек, парламент бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, Сапар Исаковдун премьер-министрликке талапкерлигин карап жатат. Аны бул орунга президент сунуштаган. Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткенден кийин Жогорку Кеңештин төрагасына кезексиз жыйынды чакырууну сунуштаган.