Адам өмүрүнө кол салууга шектелген кармалды

10:31, 25 августа 2017, Бишкек - 24.kg , Наргиза ТОКОЕВА

Адам өмүрүнө кол салууга шектелген кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы маалымдайт. 

Алардын билдирүүсүндө, 20-август күнү Новопавловка айылынын кафелеринин биринде эки киши чатакташа кеткен. Белгисиз жигит 17 жашар жаранга бычак сайган. Бычак жеген жигит оорууканага жеткирилип, окуя болгон жерден качып кеткен шектүү кармалды.