Уулуна бензин чачып өрттөгөн киши кармалды

09:39, 25 августа 2017, Бишкек - 24.kg

Фергана облусунун Багдад районунун 51 жаштагы жашоочусу 27 жаштагы уулуна бензин чачып өрт койгон. Башында атасы кылмыш болгон жерден качып кетип, кийинчерээк укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Ууулунун денесинин 70% күйүп калган. Бул боюнча centralasian.org маалымат булагы билдирет. 

Маалыматка караганда, ата-баланын ортосундагы жаңжал автоунаадан улам келип чыккан. УУлу атасына машинаны берген эмес.  Ага кыжырланган ата бензин чачып, өрттөп жиберген.

Кылмыш иши козголду. 

Былтыр февралда Бухара шаарында 47 жаштагы жаран үй-бүлөлүк жаңжалдан кийин ата-энесине бензин чачып өрттөгөн окуя катталган.