05:44
+27
USD 68.50
EUR 82.24
RUB 1.18
Кыргызча

Кыргызстандык аялдар Индияга 8 килограмм алтынды мыйзамсыз алып кирген

Делиде кармалган Кыргызстандын жараны Зухра Балтабаева кызы менен бирге Индияга 8 килограмм алтын мыйзамсыз алып кирген. Бул тууралуу Тышкы иштер министри маалымдайт. 

Зухра Балтабаева өзү 21-августта абамайданда 1 миллион долларды мыйзамсыз алып өтүүгө аракеттин жаткан жеринен кармалган. Индиянын басма сөз каражаттарынын маалыматында, аялдын колундагы баштыгынан 60 миң доллар алынып, тинтүү учурунда 1 миллион 41 миң доллар табылган.  Аны ал Индияга мыйзамсыз жол менен алып кирген 4 килограмм 427 грамм алтынды сатуудан тапкан. 

ТИМдин маалыматында, сот ал эки жумага камоого алды. 

Делинин Пахаржани районундагы мейманканалардын биринде анын кызы дагы кармалды. Кызы 3 килограмм 383 грамм алдынды Индияга мыйзамсыз алып киргендигин мойнуна алган.

Эң көп окулган жаңылыктар