3 миллион жаран биометриялык маалыматтарын тапшырды

13:55, 24 августа 2017, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматында 3 миллион жаран биометриялык маалыматтарын тапшырды. 

Анын ичинен 70,1 миңи 2017-жылдын май айынан баштап, биометриялык паспорт алуу менен бирге тапшыргандар. 

Мекеменин билдирүүсүндө, шайлоо алдында биометриялык маалыматтарын тапшырууну каалагандардын саны көбөйдү. 

Эскерте кетсек, 15-октябрдагы шайлоого биометриялык маалыматтар менен гана добуш берүүгө болот.