Сүлүктүдөгү шахтыда 11 жашар бала каза болду

12:21, 24 августа 2017, Бишкек - 24.kg

Сүлүктү шаарындагы шахтыда 11 жашар бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт. 

Кечээ «Сүлүктү көмүр» ишканасын суу каптаган. Ал жерде жүргөн 11 жашар бала чөгүп кеткен. Куткаруучулар анын денесин таап чыгышты.