09:32
USD 87.32
EUR 99.37
RUB 1.05

Бишкектин айрым райондорунда эки күн көгүлтүр от болбойт

Бишкек шаарынын айрым райондорунда 28-29-августта газ болбостугун «Газпром Кыргызстан» ишканасы билдирди. 

Анын айтымында, оңдоо иштерине байланыштуу Чокморов, Табышалиев, Бөкөнбаев жана Турусбеков көчөлөрүндөгү үйлөргө газ берилбейт.

Андан сырткары, Токмок шаарынын Шамсин, Дунларов көчөлөрүндө 25-августта саат 8.00дөн, 18.00гө чейин газ өчүрүлөт.  

Эң көп окулган жаңылыктар