14:41
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Башкы прокуратура: «Сентябрь» менен «Жалал-Абад сентябрь» бир компания

Башкы прокуратура «Сентябрь» телеканалына карата адашпай эле доо арыз бергендигин билдирет.

Мекеменин маалымат кызматынын айтымында, «Сентябрь» менен «Жалал-Абад сентябрь» бир компания.

«Арыз берүүдөн мурда биз Байланыш жана маалымат технологиялары мамлекеттик комитетинин маалыматын карап чыкканбыз. Ага ылайык  «Сентябрдын» юридикалык аталышы «С-2 радио-телекомпаниясы» болуп саналат. Юстиция министрлигинин базасында, «С-2» «С-2 радио-телекомпаниясынын» негиздөөчүсү болуп эсептелет», — дейт Башкы прокуратура.

Башкы прокуратуранын маалыматында,  «Жалал-Абад сентябрь» азыркы  «Сентябрь» («С-2 радио-телекомпаниясынын») колдонгон күбөлүктүн негизинде иш алып барат. 

Эң көп окулган жаңылыктар