12:48
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Сентябрь» телеканалы Биринчи май райондук сотунун чечимине даттанат

«Сентябрь» телеканалы Биринчи май райондук сотунун чечимине даттанып, шаардык сотко кайрылат. Бул тууралуу «24.kg» агентигине каналдын өкүлү Кайыргүл Урумканова билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын арызын колдоп, телеканалды жабуу чечимин чыгарган. 

Анын айтымында, Башкы прокуратура жолдогон доо арызга телеканалдын жетекчилиги кол койгон эмес. Анткени, доого негиз болгон материал бир жыл мурда ишин токтоткон «Жалал-Абад Сентябрь» телеканалында чыккан. Азыркы «Сентябрь» аларга тиешеси жок ТВ үчүн жооптуу эместигин айтышат.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын мурдакы жетекчиси Абдылда Капаровдун «Жалал-Абад Сентябрь» телеканалына 2016-жылдын 29-сентябрында чыккан билдирүүсүн экстремисттик деп таап сотко кайрылган. Ал анда Араван районунда бир мектептин ачылышында Өзбекстандын гимни ойнолгондугуна сын айткан. Андан сырткары, маегинде Абдылда Капаров «Сооронбай Жээнбеков менен Асылбек Жээнбеков 2010-жылы июнь окуяларын турукташтыруу үчүн 3 миллион доллар бөлгөн»- деп айткан.

Бүл сөзү үчүн Абдылда Капаров 4 жылга эркинен ажыратылып, учурда Нарын шаарындагы түрмөдө мөөнөтүн өтөөдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума