Өлкөдө бир күндө 26 өрт чыкты

10:00, 23 августа 2017, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда кечээ 26 өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.

Өрт өчүрүү кызматынын билдирүүсүндө, Бишкекте - 2, Чүйдө-13, Ысык-Көлдө -3, Нарында-2, Ошто-4, Жалал-Абадда-3 өрт чыккан.

Көпчүлүк өрткө калпыстыктар себеп болуп, кургаган чөп күйгөн. Ысык-Көл районунун Бает айылында бир үй толугу менен күйүп кеткен.