09:02, 23 августа 2017, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын Индиядагы элчилиги Делиде кармалган аялга укуктук жактан жардам берүүгө аракеттенип жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Эскерте кетсек, 21-августта Дели шаарынын абамайданында Зухра Б аттуу Кыргызстандын жараны кармалган. Бажы көзөмөлүнөн өтүп жатка кезде андан 140 миң АКШ доллары алынган.