Сот «Сентябрь» телеканалын жапты

16:43, 22 августа 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту «Сентябрь» телеканалын жапты. Бул тууралуу «24.kg»  агентигине соттон билдиришти. 

Алардын айтымында, бүгүн эле Биринчи май райондук сотунда Башкы прокуратуранын доо арызы каралып баштаган. Биринчи жыйынга каналдын өкүлдөрү катышкан эмес. Бирок, ага карабай, сот Жылдыз Жумабаева шашылыш чечим чыгарып, телеканалды жабуу чечимин кабыл алган. 

Эскерте кетсек,  Башкы прокуратура «Сентябрь» телеканалын сотко бергендигин бүгүн эле белгилүү болду.