15:14, 22 августа 2017, Бишкек - 24.kg
Парламенттик көпчүлүк премьер-министрдин ордуна Сапар Исаковду шайлоого даяр. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Жогорку Кеңештен билдиришти.
Ал эми КСДП фракциясынын жетечкиси Иса Өмүркуловдун «24.kg» агентигине билдирүүсүндө, коалиция кирген фракциялардын ичинде сүйлөшүү жүрөт. 25-августка чейин талапкерлердин программасын карап чыгышат.
Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков шайлоого талапкер болуп катталгандан кийин кызматын тапшырды. Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешти кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөттун курамын бекитүүнү талап кылды.