Бишкек мэриясы жаңы мүрзөнү качан ачары белгисиз

14:42, 22 августа 2017, Бишкек - 24.kg

Бишкек мэриясы жаңы мүрзөнү качан ачары белгисиз. Шаар бийлиги Чүй облусунун Аламидин районунун Чон-Арык айылындагы мүрзө толуп калгандыгын маалымдайт.

Чоң-Арык айылындагы мүрзө 1973-жылдан бери иштеп келет. Анын аймагы алгач 69 гектар болсо, азыр 300 гектар жерди ээлейт.