12:17, 22 августа 2017, Бишкек - 24.kg
Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешти кезексиз жыйынга чогулууга чакырат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат бөлүмү билдирет
«15-октябрга белгиленген шайлоо алдында аткаруу бийлиги туруктуу жана натыйжалуу болушу керектигин эске алуу менен жаңы өкмөттун курамын тез арада түзүш керек деп эсептейм», — деп билдирди, Алмазбек Атамбаев парламенттик көпчүлүк коалицияга кирген фракция башчылары менен жолугушууда.
Маалыматта Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго 25-августта кезексиз жыйынга чакыруу сунушу жөнөтүлгөнү маалымдалат.