Президенттикке талапкерлер үгүт баракчаларын таркатып баштады

09:18, 22 августа 2017, Бишкек - 24.kg

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков үгүт материалдарын таркатып баштады. Бул тууралуу активист Адил Турдукулов билдирди.

Анын айтымында, экс-премьер-министрди шайлоого үгүттөгөн буклет таркатылууда.

«Буклетте качан чыгарылгандыгы, нускасы жана кимдин буйрутмасы менен басылгандыгы жазылган эмес. Анда жогорку кызматтагы мамлекеттик аткаминерлер, Сапар Исаков баш болуп, Сооронбай Жээнбековго жакшы мүнөздөмө беришет. Бул үгүттөө. БШКга арыз жазам», — дейт Адил Турдукулов.

Бул Сооронбай Жээнбековго каршы биринчи арыз эмес. Буга чейин «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» өкмөт башчылыкы кызматын колдонуп, аймактарга сапарга чыгуу менен үгүттөө жүргүзүп жаткандыгыны айтып, арызданган.

Расмий үгүт 10-сентябрда башталат.