17:32, 21 августа 2017, Бишкек - 24.kg
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алды. Ал Сооронбай Жээнбековдун ишине жакшы баа берип өттү.
«Сиздин өкмөтүңүз менин президенттик мөөнөтүмдөгү мыкты өкмөттөрдөн болду. Сизге жүктөлгөн милдетти толугу менен аткара алдыңыз» — деди президент.
Сооронбай Жээнбеков президентик шайлоого талапкер болуп катталгандыктан, бүгүн отставкага арыз жолдогон.