06:03
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

«Сулайман тоо» музейине директор дайындалды

Ош шаарындагы «Сулайман тоо» музейине директор болуп Абдыкайым Кангелдиев дайындалды. Бул тууралуу маалыматты «24.kg» агентигине маданият, маалымат жана туризм министрлигинен ырасташты. 

Абдыкайым Кангелдиев буга чейин өкмөттүн Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө маданият жана билим берүү бөлүмүн жетектеген. 

Эскерте кетсек, музейге мурдакы жетекчиси кеткенден кийин ырчы Самара Каримова дайындалган. Бирок, көпчүлүктүн сын пикиринен кийин  ал кызматтан баш тарткан. 

Эң көп окулган жаңылыктар