12:22, 21 августа 2017, Бишкек - 24.kg
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти. Ал бул тууралуу бүгүн өкмөттүн жыйынында айтты.
«Бүгүн мен кызматтымды тапшырам. Арызды президент Алмазбек Атамбаевге берем», — деп ал министрлер кабинетине ыраазычылык билдирди.
БШК Сооронбай Жээнбековду бүгүн талапкер кылып каттады. Өкмөт башчысынын милдетин биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев аткарат.