19:06
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Маевский Текебаевден кайтарылган 1 миллионду кайра эле Кыргызстанга жумшайт

Леонид Маевский Өмүрбек Текебаевге чыккан сот өкүмү боюнча пикирин «Коммерсант» гезитине билдирди.

«Мен соттун өкүмүнө баа бере албайм. Негизинен далилдер так болчу. Ал эми мага кайтарылган акчаны Кыргызстанда кайрымдуулукка жумшайм», — дейт россиялык ишкер.

Анын айтымында, 1 миллион доллар Өмүрбек Текебаевдин конфискацияланган мүлкүнүн эсебинен ага кайтарылат.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айында россиялык ишкер Леонид Маевский «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге каршы арыз жазган. Анын билдирүүсүндө, партия лидери 2010-жылы «Мегаком» компаниясынын акциясын убадалап, 1 миллион доллар алып, сөзүн аткарган эмес. Акчаны дагы кайтарбагандыктан, ал сот аркылуу өндүрмөкчү болот.

Сот Өмүрбек Текебаевдин күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыратты.

Эң көп окулган жаңылыктар