09:10, 18 августа 2017, Бишкек - 24.kg , Юлия КОСТЕНКО
Леонид Маевский Өмүрбек Текебаевге чыккан сот өкүмү боюнча пикирин «Коммерсант» гезитине билдирди.
«Мен соттун өкүмүнө баа бере албайм. Негизинен далилдер так болчу. Ал эми мага кайтарылган акчаны Кыргызстанда кайрымдуулукка жумшайм», — дейт россиялык ишкер.
Анын айтымында, 1 миллион доллар Өмүрбек Текебаевдин конфискацияланган мүлкүнүн эсебинен ага кайтарылат.
Сот Өмүрбек Текебаевдин күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыратты.