00:22
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Президентикке ат салышкандардын бешөө тил сынагынан кулады

Президентикке ат салышкандардын бешөө тил сынагынан кулады. Бул тууралуу мамлекеттик тил комиссиясы билдирет.

Бүгүнкү күнгө жалпысынан 46 жаран «Кыргызтестти» тапшырды. Анын 41 жакшы ийгилик көрсөтүп, күбөлүккө ээ болушту. Бешөөнүн баллы 60ка жетпей калгандыктан сынактан өткөн жок.

Алар: Руслан Жунусов (46,1 балл), Калмамат Мактымбаев (24,6 балл), Советбек Абыкулов (43,53 балл), Аскарбек Абышев (54,46 балл), Полотбек Кенжегулов (58,87 балл).

Эң көп баллды Адахан Мадумаров топтогон (96,77). Сынакты тапшыруу үчүн кеминде 60 балл топтош керек. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума