09:42, 17 августа 2017, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгыг 6,7 миллион сомго тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу порталы маалымдайт.
Бул каражатка мэрия Эгемендүүлүктүн 26-жылдыгына карата салтанат уюштурат. Эстрада ырчылары жана кесипкөй режиссерлорду чакырып, ивент кызматынын акысы боулп 3,5 миллион сом коротулат.
Ал эми майрамда техникалык топко, үн жана жарык, LED-экрандарды орнотууга, сахнаны жана аянтты коздоого 3, 08 миллон сом жумшалат. Дагы 100 миң сомго биотуалеттер ижарага алынып, аянтка орнотулат.