17:20, 16 августа 2017, Бишкек - 24.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик ат салышкан Өмүрбек Бабановду талапкер катары каттады.
«Республика-Ата-Журт» партиясынын лидери мамлекеттик тил сынагын (93,5 балл) ийгиликтүү тапшырып, 107 кол топтоп (анын 103ү жарактуу деп табылган), 1 миллион сомду күрөөгө төккөн.
Биринчи болуп талапкер катары Темир Сариев катталган.
Азыр ат салышкандардын саны 51ге жетти. Төртөө мамлекеттик тил сынагынан жыдып калды.