Өзбекстан Кыргызстан менен алакасын мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар

17:14, 16 августа 2017, Бишкек - 24.kg

Өзбекстан Кыргызстан менен алакасын мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу учурунда Өзбекстандын премьер-министр Абдулла Арипов билдирди.

Фото

Алмазбек Атамбаев Өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдин кыргыз-өзбек мамилесинин бекемделишине кошкон салымын баалап, Абдулла Ариповдун сапары эки өлкөнүн кызматташуусуна жаңы дем берерине ишеним артты.

Абдулла Арипов Өзбекстан президентинин саламы менен ортодогу сүйлөшүүлөр жемиштүү болоруна ишенип турганын билдирди.