Текебаевдин соту. Дүйшөн Чотонов акыркы сөзүн сүйлөдү

13:36, 16 августа 2017, Бишкек - 24.kg

Биринчи май райондук сотунда Дүйшөн Чотоновго акыркы сөз берилди. Ал өзү эмес, Өмүрбек Текебаев жөнүндө айтарын билдирип, соттон кыргыздын 25 жылдык тарыхын соттоп жатканын унутпоого чакырды.

"Өмүрбек Текебаев - бул өлкөнүн 25 жылдык саясый тарыхы. Эртең эле ага эстелик орнотосунар"- деди ал.

Өмүрбек Текебаев түштөн кийин сүйлөйт. Андан кийин соттун өкүмү угулат.