Жаңы окуу жылы мектептерде качан башталары белгисиз

14:17, 15 августа 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

Билим берүү министрлигинде мектептерде жаңы окуу жылы качан башталарын так билишпейт. Анткени, азырынча Курбан айттын күнү так белгилүү боло элек. Мусулмандар дин башкармалыгынын маалыматында, Курбан айт 1-2-сентябрда белгиленет. Бирок, так күнү муфтият 20-августтан кийин гана айта алат.

Адатта Курбан айт күнү эс алуу болуп жарыяланат. Айрым мектептер окуучуларды 30-августка, кээ бирлери 4-сентябрга чакырышууда.