Жарандык активист Мавлян Аскарбековго бийликти төңкөрүүгө чакыруу айыбы менен иш козголду. Бул тууралуу ал өзү «24.kg» агентигине билдирди.
Анын айтымында, Кылмыш кодексинин 297-беренеси менен козголгон ишти тергөө башталды.
«Азыр тергөө башталды. Андыктан майда чүйдөсүн айтпай турайын. Бүгүн, же эртең кайра суракка чакырат го деп турам. Иш сотко өткөндө баарын кенен айтып берем», — деди ал.
297-беренеде бийликти күч менен басып алууга чакырык, же конституциялык түзүмдү күч менен өзгөртүү айыбы каралган. Ал үчүн 50дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салынып, бир жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.