11:52
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Эмилбек Каптагаев соттон Садыр Жапаровду актоону суранат

Ысык-Көл облусунун мурдакы губернатору Эмилбек Каптагаев соттон Садыр Жапаровду актоону суранат. Бул тууралуу ал Бишкек шаардык кеңешинин коллегиясына кайрылуусунда билдирет.

Анын айтымында, Биринчи май райондук соту 11 жыл алты айга эркинен ажыраткан Садыр Жапаровдун айыбы далилденген жок. Андыктан аны актоону суранат.

Эмилбек Каптагаев 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарындагы митинг боюнча соттолгондордун баарынын ишин кайра иликтөө жөнөтүү дагы өтүнөт.

«Бул иште жапа чеккен адам катары күнөөлүүлөр жазасын алышын каалайм. Бирок, калыс тергөө болуп, айыбы далилдер менен ырасталышы керек» — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар