12:02
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өмүрбек Текебаев: Мага жалган жалаа менен биринчи жолу иш козгоп жатышкан жок

«Мага жалган жалаа менен биринчи жолу иш козгоп жатышкан жок» - деп Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев сотто билдирди. Ал 2006-жылы мурдакы президенттин жакындарынын уюштуруусу менен Европада героин менен кармалгандыгын эске алып, бул жолу дагы бурмалоо жана жалган көрсөтмө менен соттолуп жатканын билдирди. 

Партия лидери сот, прокуратура эски ыкма менен иштеп, саясый буйрутманы ишке ашырып жаткандыгын белгилеп, 2010-жылкы революциядан кийин айрым реформалар толук аяктабай калгандыгына кейип тургандыгын билдирди.

«Сот реформасын соттор өздөрү ишке ашырыш керек. Ансыз болбойт. Сиз, Айбек Эрнис уулу, буйрутманы аткарбай баарын таразалап чечим чыгарың. Эгер туура чечим чыгарсаңыз, сүргүнгө айдаласыз. Бирок, баары бир баатыр болосуз» - деди Өмүрбек Текебаев. 

Мамлекеттик айыптоо Өмүрбек Текебаевди 10 жылга, Дүйшөн Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну, үй-мүлкүн тартып алып, үч жылга мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салууну суранууда. 

Эскерте кетсек, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Леонид Маевскийден 2010-жылы «Мегаком» компаниясынын акциясын убадалап, 1 миллион доллар алган деп айыпталууда. Саясатчынын шериги катары мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновго дагы «Коррупция» беренеси менен иш козголгон. Экөөн тең УКМКнын абагында кармалууда. Леонид Маевский өзү келип, сотто көрсөтмө берген.

Эң көп окулган жаңылыктар