Тууну туура эмес жасагандарга 40 миң сомго чейин айып салынат

14:05, 11 августа 2017, Бишкек - 24.kg

Тууну туура эмес жасагандарга 40 миң сомго чейин айып салынат. Юстиция министрлиги Административдик кодексине жана мамлекеттик символдор жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүдө. 

Долбоордо мамлекеттик символдорду жасоодо техникалык талаптарды бузган юридикалык жактар - 200 эсептик көрсөткүч, физикалык жактар -50 эсептик көрсөткүч менен айып пул салынат. Мыйзам бузуу экинчи жолу кайталанса айыптын көлөмү өсөт 

Бир эсептик көрсөткүч 100 сомго барабар.