Текебаевдин соту. Айыпталуучуга кайра эле мамлекеттик жактоочу берилет

11:26, 10 августа 2017, Бишкек - 24.kg

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновдун сотуна бүгүн жактоочу Чынара Жакыпбекова келген жок. Ал соттон жыйынды кийинкиге жылдырууну суранган.

Прокурорлор бул өтүнүчкө каршы чыгып, жарыш сөздү ансыз өткөрүүнү сунушташты.

Сот Айбек Эрнис уулу Өмүрбек Текебаев мамлекеттик жактоочу Элмира Чоноева коргон, жыйын тыныгуудан кийин уланарын билдирди.

«Ал сизди буга чейин дагы коргогон. Иш менен тааныш» - деди сот Өмүрбек Текебаевге кайрылды.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотонов жемкорлук айыбы менен соттолууда.