10:52, 10 августа 2017, Бишкек - 24.kg
Борбордук шайлоо комиссиясына президентикке талапкер Өмүрбек Бабановго каршы эки арыз түштү.
«Коомдук жаштар кеңеши» коомдук бирикмесинин пикиринде «Республика — Ата Журт» партиясынын лидеринин маалымат жыйынынан кийин үгүттөгөн өңүттөгү маалыматтар таркатылган.
«Бабанов шайлоо алдындагы иштердин моралдык-этикалык нормаларын бузгандыктан ага эскертүү беришили керек» — деп айтылат коомдук бирикменин арызында.
Экинчи арыз Токтоналиева аттуу жарандан келип түшкөн. Ал «Новый Бишкек» гезитине басылган макаланы мисал келтирип, андагы үгүттөөлөргө көңүл бурууну суранат.