Акматбек Келдибеков кыргыз тилинен сынактан 85,9 балл алды

16:29, 09 августа 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА

«Ата-Журт» партиясынын тең төрагасы Акматбек Келдибеков кыргыз тилинен сынактан 85,9 балл алды. Бул тууралуу Мамлекетттик тил боюнча улуттук комиссиясы маалымдайт.

Токтойым Үмөталиева 76,7 балл алды. Учурда Камчыбек Ташиев тесттен өтүп жатат.

Эскерте кетсек, мамлекеттик тил сынагынан эң жогору баллды Адахан Мадумаров (96,77) алган. 

6-августта Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков Бакыт Төрөбаев менен биригип, бир талапкерди сүрөп чыгуу келишимине кол коюшкан.