БШК Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылган арызды караган жок

16:16, 09 августа 2017, Бишкек - 24.kg , Анара МАМЫТОВА

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн жыйынга топтоло алган жок. Жыйында президентикке талапкер Темир Сариевдин премьер-министр Сооронбай Жээнбековго каршы арызы каралмак. 

Кечээ Темир Сариев өкмөт башчысын шайлоо мыйзамдарын бузгандыгына айыптап, тезарада кызматтан кетүүнү талап кылган. «Ак-шумкардын» лидеринин айтымында, КСДП административдик ресурсту колдонуп, мамлекеттик жетекчилерге кысым көрсөтүүдө.  

Темир Сариевдин шайлоо штабы Боршайком Сооронбай Жээнбековго каршы чара көрүүдөн баш тартып жаткандыгын билдиришти.