09:26, 09 августа 2017, Бишкек - 24.kg
Россияда иштөө үчүн аты-жөнүн өзгөрткөн кыргызстандык соттолот. Бул тууралуу SMINEWS билдирет.
34-жаштагы Кыргызстандын жараны Россиянын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгүнө айыпталууда.
Ал 2016-жылдын ноябрь айында кайра келген. Новосибирск шаарында чек ара кызматы аба майдандан кармап, кайра артка жөнөткөн.
Бир ай өтпөй ал аты-жөнүн өзгөртүп Москвага келип, кийин Камчаткага жеткен. Полиция кызматкерлери текшерүү учурунда бармак изинен анын өздүгүн такташкан.